Бириккен Улуттар Уюму жана Америка Кошмо Штаттары Ооганстандын жаңы конституциясынын кабыл алынганын колдой турганын билдиришти. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан муну тарыхый окуя катары баалады. Ал эми АКШнын президенти Жорж Буштун айтымында, Ооганстандагы демократия бул өлкөдө мындан ары эч качан террористтер башпаанек таппай турганына кепилдик бериши керек.
Жаңы конституцияга ылайык Ооганстан ислам республикасы болуп эсептелип, анын башында президент турат. Мыйзам чыгаруу бийлиги эки палаталуу парламентке берилет. Өлкөдө аялдар менен эркектер тең укуктуу деп эсептелет. Мамлекеттик тил болуп дари жана пуштун тилдери саналат, бирок айрым жерлерде басымдуулук кылган жергиликтүү улуттардын тили ошол аймактарда расмий тил катары пайдаланылат. Ооганстандын жаңы конституциясы Лойя Жырганын жыйынында жекшембиде кабыл алынган.