Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Израил премьер-министри Ариел Шарондун жаңы планы


Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуунун АКШ жактаган планы оңунан чыкпаса, Израил палестиналыктарды өлкөдөн бөлүп салууга аракет жасайт.
Бул жөнүндө Израилдин премьер-министри Ариел Шарон кечээ кечинде Ликуд партиясынын жыйынында жарыя кылды. Бирок, Шарон бир нече айдан бери ишке ашпай жаткан “Жол картасы” тынчтык планын колдой берээрин, ошондой эле, Палестина мамлекетинин түзүлүшүн жактаарын айтты.

Ликуд партиясынын борбордук комитетинин “башы катуу мүчөлөрү” Палестинанын өзүнчө мамлекет болуусуна, Газа менен Батыш Иордандан жөөт маалелерин көчүрүп чыгууга каршы.

XS
SM
MD
LG