Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Грузияда добуштардын санагы уланууда


Бюллетендердин көбү эсептелип бүтүп калды, добуштардын 96 процентин алып, Михаил Саакашвили алдыда келатат. Шайлоонун толук жыйынтыгы эртең жарыяланат, ага чейин эле Саакашвилинин тарапкерлери аны жеңүүчү деп эсептешүүдө. Саакашвили өзү болсо президенттик кызматка киришери менен антикоррупциялык мыйзамдын долбоорун парламентке сунуш кыла тургандыгын билдирди. Бул кампания өлкөдөгү байгерлер, алардын ичинде экс-президент Эдуард Шеварднадзе жана анын үй-бүлө мүчөлөрү топтогон мүлктөрдүн мыйзамдуулугун тактоону көздөйт. Экс-президенттин коопсуздугун камсыз кылууга Саакашвили убада берди, бирок мыйзамсыз мүлктөрдүн баары мамлекеттик казынага кайтарылышы керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG