Аларды өткөн түнү белгисиз бирөөлөр атып кетишкен, дагы бири жарадар болду. Француздар америкалык фирмалардын биринде иштешкен. Ал эми Басрада ирак полициясы төрт адамды жарадар кылды, бул жерде мурдагы ирак солдаттары компенсация талап кылып, демонстрацияга чыгышкан эле. Ушул эле күнү Болгарияда кырк солдат Иракта кызмат кылгандан баш тартышканын өлкөнүн коргоо министрлигинен ырасташты. Ирактагы аскер туткундарына ырайымсыз мамиле жасаганы үчүн кечээ америкалык үч жоокер армияда кызмат кылуудан бошотулду, алардын иши эми сотко берилет.