Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Акыйкатчы студенттер менен аялдардын укугун коргойт


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы жогорку окуу жайлардагы паракорлукка бөгөт коюу максатында студенттер үчүн «ишеним телефонун» ачты. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга билими бар, бирок, паракор окутуучулардын кысымына кабылган студенттердин жолугушууларда айткан оозеки кайрылуулары түрткү болду. Мындан ары «ишеним телефонуна» чалган студенттердин укугу бузулган учурда алар экзамен, зачетторду атайын комиссиянын катышуусу менен берүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми комиссияга акыйкатчы жана анын кеңсесиндеги кызматкерлер да киргизилет.
Андан тышкары акыйкатчы боюнда бар, бирок баласын багууга кудурети жетпеген жалгыз бой келиндерге моралдык-психологиялык жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштөөчү кызматты ачканы жатат. Акыйкатчынын айтымында, буга жалгыз бой аялдардын наристелерди көчөгө таштаган жана өзүнө-өзү кол салган көрүнүштөрүнүн көбөйүшү түрткү берди.

XS
SM
MD
LG