Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:36

Президент Башар Асад Сирия-Түркия мамилесине жакшы баасын берди


Сириянын президенти Башар Асад шейшемби күнү Анкарада Түркиянын президенти Ахмед Неждет Сезер менен кездешти.
Асад кездешүүдөн соңку пресс-конференцияда азыр Дамаск-Анкара арасында жакшы мамиле түзүлгөнүнө көңүл бурду:
- Биз бүгүн эки ортодо түзүлгөн жагдайга сыймыктана алабыз. Биз коопсуз кырдаалга чогуу жетиштик жана өз ара ишенбөөчүлүк артта калды.
Президент Сезер журналистерге эки тарап Израил-Палестин чатагын, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын жана башка эл аралык суроолорду талкуулай турганын айтты.
Башар Асад Түркияга үч күндүк визит менен келген.
Сирия ноябрь айындагы Истамбулда болгон террордук жардырууларга байланышы бар деп шектелген 20 чакты адамды Түркияга кармап бергенден кийин, эки өлкөнүн мамилеси жакшы болуп калды.

XS
SM
MD
LG