Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Д.Рамсфелд төрт жылдыздуу генералдарды тандоодо


Ирактагы башкарууну ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүнүн коопсуз жүрүшүн камсыздоо үчүн төрт жылдыздуу генерал дайындалат деп билдирди кечээ күнү АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд.
Учурда Ирактагы аскерий миссия үчүн генерал Жон Абизайд жооптуу. Ал башындагы Борбордук командачылыкка Ирактагы, Ооганстандагы, Перс булуңундагы, Борбор Азиядагы жана Африка тумшугундагы америкалык аскерлер
баш иет.
Төрт жылдыздуу генерал-лейтенант Рикардо Санчес болсо Ирактагы күнүмдүк операцияларды жетектейт.

XS
SM
MD
LG