Михаил Саакашвили бийликке ырасмий түрдө келер замат коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын тергөө тобун түзөөрүн шейшемби күнү билдирди.
- Биз коррупцияга каршы күрөшүү үчүн парламентке өтө катаал мыйзамды сунуш кылышыбыз керек. Бул мыйзам чакан, тандалма, тажрыйбалуу тергөө тобуна жогорку деңгээлдеги коррупцияны чындап ооздуктоого укук берет.
Грузияда жекшемби күнү болгон президенттик шайлоодо жеңип чыккан Саакашвилинин айтышынча, коррупцияга каршы өнөктүк учурунда мурдакы президент Э. Шеварднадзенин үй-бүлөсү жана тууган-жаатынын мүлкү текшерилиши толук мүмкүн.