ТАЛАС. Майып адамдардын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик органдарына жана массалык маалымат каражаттарына арыз менен кайрылышууда. Андай каттын бири 7-январда «Азаттыктын» кабарчысына да келип түштү. Арызда Талас районундагы Кооган айыл өкмөтүндөгү жыйырмадан ашык майыптар 4 айдан бери социалдык пособие албай, өтө кыйналып жатышкандыгын айтылган. Облустун социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Нарынбек Токтосунов да облус боюнча 4 айдан бери социалдык төлөмдөр берилбей жаткандыгын бекемдеп, жалпы пособие ала турган 29 миң адамга карыз 2,5 млн. сомго жеткендигин билдирди. Нарынбек Токтосуновдун айтымында, республикалык казына кызматы декабрь айында банктардагы эсептерди жаап салгандыктан борбордон облуска акча келбей жатат.
Кабарларды Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров даярдашты
Редактор – Кубат Оторбаев
Кабарларды Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров даярдашты
Редактор – Кубат Оторбаев