ТАЛАС. Акыйкатчынын Талас облустук бөлүмүнө Талас районундагы Эшимбет атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Марат Сүйүналиевдин жакындары кайрылышкан. Анткени мектептин бир нече мугалими бул окуучуну «ээнбашсың» деп уруп-сабап койгондуктан ал ооруканага жатып калган. Бул факт боюнча окуучунун карыган энеси Талас райондук милицияга кайрылган. Бирок кылмыш иши ачылып, тергөө жүргөн эмес. Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнө арызданып келгендердин айтымында, соттук-медициналык экспертиза окуучу жаракат алганын тастыктаган документ бербей койгон. Ушуга таянып ички иштер бөлүмү да бул ишти колго алган эмес.