Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Ф.Куловдун иши боюнча коомдук угуу өтөт


БИШКЕК. 15-16-январь күндөрү Бишкекте «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун сот ишине байланыштуу коомдук угуу «Форум» өнөр жай тобунун имараттарынын биринде өтөт. Бул жөнүндө бүгүн «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев «Азаттыкка» билдирди. Эки күндүк коомдук угуу учурунда Феликс Куловдун сот жообуна тартылышынын себептери жана ага коюлган айыптар канчалык деңгээлде негиздүү экендиги тууралуу ой-пикирлер айтылат. Коомдук угууга юристтер, эларалык уюмдардын, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Феликс Куловдун сот иши боюнча коомдук угуу «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен өтүүдө. Учурда коомдук угууну өткөрүүнүн камын Элдик конгресс көрүүдө. Элдик конгресске «Арнамыс», «Атамекен», Социал-демократиялык жана Эл партиялары кирет. Өткөн жылдын аягында Феликс Куловдун ишине арналган коомдук угууну өткөрүү аракеттери имараттын жоктугунан ишке ашкан эмес.

XS
SM
MD
LG