Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Румыниянын бийликтери мамлекеттик телеканалдын бир берүүсүнө тыйуу салышты


БУХАРЕСТ. Румыниянын бийликтери мамлекеттик телеканалдын берүүсүнө тыйуу салышты. Румыниялык журналисттер өкмөт телеканалды оппозицияга ого эле көп орун берген деп күнөөлөп чыкканын билдиришти.
Мамлекеттик телевидениенин жетекчилиги берүүнүн алынып салынганын анын көрөрмандардын кызыгуусун жаратпаганы менен түшүндүрүштү. Бирок Басма Сөз Эркиндигин Көзөмөлдөө боюнча Агенттиктин башчысы Мирчеа Тома өкмөттүн аракетин "саясий цензура" деп сыпаттоодо. Сөз болуп жаткан ток-шоу берүүсүндө Румыниядагы демократиянын кемчиликтери сынга алынып келген. Берүүнүн обого чыкканына болгону үч ай болгон эле.

XS
SM
MD
LG