АФИНА. Грекиянын өкмөт башчысы Костас Симитис социалисттик партиянын жетекчилигинен кетип жатканына байланыштуу өлкөдө мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөргөнү жатат. Симитис парламенттик шайлоону 7-мартта өткөрүүнү сунуш кылууда. План боюнча, шайлоо майдын башында болмок. Бул сунушка өлкөдө номиналдуу гана бийликке ээ президент расмий макулдугун берүүгө тийиш. Симитис партия жетекчилигине өлкөнүн тышкы иштер министри, партиялашы Жорж Папандреуну сунуш кылмакчы. Симитис Грециянын Социалисттик партиясын 1981-жылдан бери жетектеп келди.