Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Россиянын козголоңчул Чеченстан жумуриятында салгылашуулар уланууда


ВЛАДИКАВКАЗ. Россиянын козголоңчул Чеченстан жумуриятында өткөн 24 сааттын ичинде Россиялык 4 солдат жана эки чечен козголоңчу курман болду. Бул жөнүндө Ассошейтед Пресс Кабар агенттигине Москвага баш ийген чечен администрациясынын жооптуу өкүлү билдирген. Шали районунда чечен козголоңчулары россиялык эки солдатты өлтүрүшкөн. Ошол эле чөлкөмдө болгон кагылышууда россиялык бир солдат курман болуп, төртөө жарадар болду. Андан сырткаары минага кабылган бронетранспортердун жарылганынан дагы бир россиялык солдат курман болуп, төртөө жаракат алышты.

XS
SM
MD
LG