44 жаштагы Стивен Гаф өткөн жайда жылаңачтанып алып, Британияны түштүгүнөн түндүгүн көздөй, баш-аягы 1400 чакырымдык жолду жөө багындырууга белсенген болчу. Стивен өзү бул акциясы менен Адам укуктарынын жалпы декларациясында жазылган укуктары кандай сакталаарын сынамакчы болгонун айтат. Сот Британияда коомчулуктун алдына жылаңач чыкканы үчүн жазалай турган мыйзам жок болгондуктан, Стивен Гафтын уятсыз акциясын "аялдарды мазактап, алардын сезимдерине бүлгүн салганга" барабар кылмыш катары баалады.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага