Жорж Буш өлкөнүн иммиграциялык саясатын өзгөртүп, миллиондогон чет элдик мигранттарга Америкада жашап-иштөөгө мүмкүндүк берүүнү сунуш кылды. Кечээ кечинде Вашингтондо жарыя кылынган жаңы план боюнча, Буш азыр Америкада мыйзамсыз түрдө жашап жүргөн мигранттарга узак мөөнөттүү жумушчу визасын берүүнү жактоодо. "Мен сунуш кылып жаткан жаңы убактылуу жумушчу программасы боюнча, Американын атуулдары аткарууга макул болбогон иштерге чет элдик мигранттарды алуу сунуш кылынат. Бул программа азыр Америкада мыйзамсыз түрдө жан багып жаткан миллиондогон мигранттарга убактылуу жумушчу статусун берет жана бул программага катышкысы келген өлкөлөр үчүн мүмкүндүктөр ачат", - деди АКШ президенти. Жаңы виза биринчи кезекте Мексика жана башка Латын Америка мамлекеттеринен барган мигранттарга мыйзамдуу макам ыйгарып, үч жыл АКШда иштөөгө жол ачат. Статистикалык маалыматтар боюнча, АКШда 8 млн. дон 14 млн го чейинки мыйзамсыз мигранттар жашашат. Мыйзам долбоор эми АКШ Конгресси тарабынан жактырылышы керек.
АКШ президенти Америкада мыйзамсыз түрдө жашап жүргөн мигранттарга убактылуу жумушчу визасын берүүнү сунуш кылды