Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Мисирде авиакырсыктан каза тапкандарга байланыштуу аза күтүү зыяпаты болду


Негизинен француз туристтерин ташып бараткан мисирдик учактын 3-январда кырсыкка учураган жүргүнчүлөрүн эскерип, бүгүн Мисирдин Шарм-эш-Шейх курортунда аза күтүлдү. Учак ушул курорттон Францияга кетип баратып деңизге кулап түшкөн. Авариядан 148 киши курман болгон. Учактын “кара сандыгы” деп аталган үн жазгычтар табылды, бирок азырынча деңизден алынып чыга элек. Трагедиянын себеби азырынча белгисиз, бирок Мисирдин жетекчилиги анын болжолдуу себептеринин катарына террордук аракетти да кошуп жатат. Мисирдеги аза күтүү зыяпатына катышканы Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен да келди. Анын билдиргенине караганда, Франция кырсыктын себептерин аныкташ үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт. Ал эми франциялык куткаруучулар кырсыктан каза тапкандарды деңиздин түбүнөн дале болсо издеп атышат.

Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG