Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

АКШнын президенти Жорж Буш мигранттарга виза берүүнүн жаңы жол-жобосун сунуш кылды


АКШнын президенти Жорж Буш мигранттарга виза берүүнүн жаңы жол-жобосун сунуш кылды. Эгер бул сунуш колдоо тапса, миллиондогон мыйзамсыз мигранттар Кошмо Штаттарда өз статусун мыйзамдаштырганга мүмкүнчүлүк алышат. Буштун билдиргенине караганда, АКШ иммиграциялык мыйзамдарды гумандуураак кылып өзгөртүүгө тийиш жана ошол эле убакта өзүнүн чегарасын да көзөмөлдөп турушу зарыл. Виза берүүнүн жаңы тартиби негизинен мексикалыктарга жана Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнүн тургундарына таасир тийгизет. Визалар үч жыл бою жарактуу деп эсептелип, алардын мөөнөтүн узартып турса болот. Азыр АКШда 8 миллиондон 14 миллионго чейинки сандагы мыйзамсыз мигранттар жашайт. Мыйзам күчүнө кириш үчүн эми аны Конгресс бекитип бериши керек.

XS
SM
MD
LG