Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Көкжаңгак шаары унутулду


ЖАЛАЛАБАД. Көкжаңгак шаардык калкты жумуш менен камсыз кылуу борборунун башчысы Мойдун Хатамовдун 8-январда билдирүүсү боюнча, 100дөн ашык жумушсуздарга 6 айдан бери жөлөкпул бериле элек. Мойдун Хатамов президенттин эл менен сыналгы аркылуу өткөн «түз байланышында» да бул суроосун берип жооп алалган эмес. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине кайрылуусунан да жооп жок. «Көкжаңгак шаарынын өлкөгө кереги барбы же жокпу? Бизди шайлоодо гана эстешеби?» деген суроону койду Мойдун Хатамов.

Кабарларды Азиза Турдуева менен Аманбек Дилденбай даярдашты

Редактор – Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG