БИШКЕК. «Кыргызстандын юристтери» ассоциациясынын демилгеси менен өлкөдөгү адвокатура тармагын реформалоо боюнча концепция кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн «Кыргызстандын юристтери» ассоциациясынын аткаруучу директору Диляра Абдрахманова маалымдады. Аталган концепцияны иштеп чыгууга республикадагы адвокаттардын бир катар бирикмелери, эларалык эксперттер катышууда. Концепциянын башкы максаттарынын бири - адвокатура тармагындагы ишмердүүлүктү жөнгө салган, адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн юридикалык кызматтын сапатын көзөмөлдөгөн жана адвокаттардын укуктарын коргогон бирикме түзүү болуп эсептелет. Концепцияда «Адвокатура жөнүндө», «Акысыз адвокаттык жардам көрсөтүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун даярдоо сунушталууда. Мындан тышкары, адвокаттык ишмердүүлүк үчүн салык төлөмдөрүн азайтуу да каралууда.