БИШКЕК. 8-январда «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кабай Карабеков «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын долбоору шайлоонун алдындагы саясий максатты көздөп, кыргыз тилинен башка тилдүүлөргө каршы багытта даярдалган деп билдирди. Анын айтымында эгер мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе өкмөт башчы Николай Танаев баш болгон орус тилдүү адистерге кызматка орношууга тоскоол болот. «Бул мыйзам коомдогу жараканы пайда кылып, Орусия менен болгон мамилени салкындатат», - деди Кабай Карабеков.