Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

АКШнын Кливленд шаарында 162 млн. доллар уткан лотереяны талашкан аял соттолмок болду


"Жолдуу лотереяны" “жоготуп жибергем” деп айткан аял жакында сот жообуна тартылат. 40 жаштагы Элеция Баттл “утуштуу лотерея меники болчу, бирок ал дүкөндүн жанында жоготуп жиберген капчыгымда кошо кеткен” деп полицияга кайрылган. Иликтөөнүн натыйжасында тергөөчүлөр кайра Элециянын өзүн калп айткан үчүн айыптап, "тергөөнү адаштырган" деген кине тагышты. Башка аял уткан 162 млн. долларды тартып ала жаздаган Элеция, эгерде күнөөсү сотто далилденсе, 6 айга чейинки мөөнөткө түрмөгө камалышы мүмкүн.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага

XS
SM
MD
LG