Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Орусиянын президенти В.Путин бүгүн Казакстанга расмий сапар менен барат


Астанада ал казак президенти Н.Назарбаев менен сүйлөшүү өткөрөт. Күн тартибиндеги башкы маселелердин бири Байкоңур космодромуна байланыштуу болмокчу. Москва мурдагы Советтер доорунда курулган космодромду пайдаланганы үчүн жылына Казакстанга 115 млн. доллар өлчөмүндө ижара акы төлөп турат. Азыр эми бул тууралуу макулдашуунун мөөнөтүн дагы 50 жылга узартуу маселеси талкууга коюлмакчы. Андан тышкары, ИТАР-ТАСС агенттиги Путиндин сапарынын учурунда Орусиялык "Лукойл" компаниясы менен "Казмунайгаздын" ортосунда Каспийдеги "Достук" мунай кенин чогуу иштетүү тууралуу келишимге кол коюлаары күтүлүп жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG