Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Орусиянын Грузиядагы аскер базаларынын тагдырын талкуулаган жолугушууда бир жактуу чечим кабыл алынган жок


Москвада өткөн сүйлөшүүгө Грузиянын тышкы иштер министри Тедо Жапаридзе жана орус армиясынын башкы штабынын жетекчисинин орун басары, генерал Юрий Балуевский баштаган делегациялар катышышты. Анын соңунда Жапаридзе "Азаттыкка" билдиргендей, Тбилиси Орусиянын Грузиядагы аскерлерин чыгарып кетүүгө 11 жыл сураганын кабыл алган жок. "Биз Москва Грузиядагы аскерлерин алып кетүүгө сураган акчанын көлөмү менен убакытка макул боло албайбыз. Бирок, эң башкысы - эки тарап мурдагыдай баарын жең ичинен бүткөрбөй, ачык талкуулап алганы – жакшы ниет деген пикирдебиз", - деди Грузиянын тышкы иштер министри. Грузиянын жетекчилери автономиялуу Ажариянын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгенин сынга алышты. Тбилисинин расмий өкүлү “Ажариянын ал тууралуу жардыгы мыйзамсыз, анткени конституция боюнча андай чечимди Грузиянын президенти гана кабыл алат” деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG