Муну Тбилисидеги маалымат жыйынында президенттин милдетин аткарып жаткан Нино Буржанадзе маалым кылды. Мындай чечим оппозициялык партиялар менен жетишилген мунасанын негизинде кабыл алынды. Буржанадзе өз сөзүндө Грузияда ыпылас шайлоонун доору бүтүп, адилет жана демократиялык шайлоонун маалы келгенине ишеничин билдирди. Парламенттик шайлоону жаздан ары кечеңдетүү алгылыксыз деп табылды, анткени мындай шартта өлкөнү конституциялык оролго салуу иши кыйындап кетиши мүмкүн, деп айтты Буржанадзе.