Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Ирландия Евросоюзга төрагалык кылуу милдетине киришти

Буга байланыштуу Ирландиянын премьер-министри Берти Ахерн бүгүн Берлинде Евросоюздун бир катар лидерлери менен жолугуп, шаркетти кеңейтүү процессинин айрым маселелерин талкуулады. Жолугушууда Евросоюздун конституциясына байланыштуу да кеп-сөздөр козголду. Ахерн шаркетке алдыдагы алты айда төрагалык кылуу боюнча Ирландиянын пландары менен тааныштырды. Мындан тышкары Ахерн Румыниянын, Черногориянын жана Хорватиянын премьер-министрлери менен да өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
XS
SM
MD
LG