Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Россиянын президенти бүгүн Казакстанга келди


Владимир Путин менен казак президенти Нурсултан Назарбаев Байкоңур космодромун ортоктошуп пайдалануу жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык, Байкоңурду арендалоо мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылды. Президенттер мындан тышкары дагы бир катар документтерге кол коюшту. Сүйлөшүүлөрдө, Путин ырастагандай,эки тараптуу мамилелердин бардык түйүндүү маселелери, алардын ичинде аскери, саясий кызматташтыктын, эл аралык иштердин проблемалары каралды. Ошондой эле коллективдүү коопсуздук келишимин, Евразия экономика шериктештигин,Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүү жолдору талкууланды.

XS
SM
MD
LG