Окуя жума намазга чогулган шийиттердин мечитинде болду. Акыркы маалыматтарда жарылуудан набыт кеткендер алты кишиге жеткени, дагы ондогон адамдар жарадар болгону айтылууда. Багдадда болсо чет элдиктер токтогон мейманкана минометтон аткыланды. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок. Ал эми Тикритте америкалык аскерлер кезектеги операция өткөрүп, отуз адамды кармашты. Кечээ Фаллужа шаарына жакын жерде америкалык тикучма кулап түшүп, борттогу бардык тогуз адам набыт болгон эле. Айрым маалыматтарда ага ракета тийгени айтылды. Ошол эле күнү Багдадда аскери жүк тарткан учакка жерден көтөрүлүп баратканда ракета тийип, кайра конгонго аргасыз болду.