БИШКЕК. Эртең Бишкектеги «Пинара» мейманканасында «Соттук териштирүүлөргө байкоо жүргүзүү» деп аталган 3 күндүк семинар башталат. Бул иш-чарага Кыргызстандын жер-жерлеринен чакырылган укук коргоочулар, адвокаттар, юристтер катышат. Аларга Англиядан келген юристтер адам укуктарын коргоо, мыйзамдуулук боюнча дарс окушат. Андан соң жергиликтүү адистер Кыргызстандын аймагында болгон ар түрдүү сот жараяндарына катышат. Мындай окуу Америкалык юристтер ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.