Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Ветеринария департаменти өлкөдө шарп ылаңы жок деп эсептейт


БИШКЕК. Бүгүн Мамлекеттик ветеринария департамент башкармалыгынын жетекчиси Калыс Жумаканов “Кыргызстандын аймагындагы бодо малдын арасында шарп күчөп атканы тууралуу маалыматтар чындыкка коошпойт” деген пикирин «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, ылаңдын алдын алыш үчүн бир айдан бери малды текшерүү жана эмдөө өнөктүгү тынымсыз жүрүп жатат. Ушундай чаралар шарп күчөп атканы тууралуу маалыматтардын пайда болушун шартташы ыктымал. Ал эми жергиликтүү булактардан алынган маалыматтарга караганда, азыр Талас аймагындагы базарлар убактылуу жабылып, Нарын облусунун эки районундагы бир катар айылдарда карантин жарыяланды. Аламүдүн районунун Кашкасуу айылындагы малга шарп жукканы тууралуу маалыматты Чүй облустук ветеринария кызматы бышыктаган жок.

XS
SM
MD
LG