Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:54

Грузиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын кыргызстандык саясатчылар ар кандай баалашууда


БИШКЕК. “Эдуард Шеварднадзенин авторитардык бийлигин бириккен оппозиция жетектеген, жакырлыктан тажап бүткөн карапайым эл кулатты. Ал эми Грузиядагы бийликтин алмашуусуна өбөлгө болгон социалдык-экономикалык оор абал Кыргызстанда да түзүлдү». «Эркиндик» партиясынын жетекчиси, Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочулук кылган Топчубек Тургуналиев бүгүнкү маалымат жыйынында ушундай пикирин билдирди. Анын көз карашында, эгерде 2005-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоодо аткаруу бийлиги мыйзам бузууларга барса, Кыргызстанда да Грузиядагыдай окуя кайталанышы ыктымал. Мындан тышкары, ал Грузиядагы президенттик шайлоо жалпысынан эл аралык талаптарга ылайык, адилет, мыйзам чегинде өткөндүгүн билдирди. Оппозиция өкүлүнүн мындай пикирине Кыргызстандын аткаруу бийлигинин айрым өкүлдөрү макул эмес.

XS
SM
MD
LG