БИШКЕК. Кыргызстандык айрым белгилүү саясатчылар 1-мартта АКШга эки апталык сапарга бара турган болушту. Алар – Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Атамекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев жана «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев. Буга байланыштуу бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги түшүндүрмө таратты. Анда саясатчылар АКШга «Эларалык сапарлар» программасына катышуу үчүн чакырылганы айтылат. Программага ылайык, акыркы 10 жылдан бери Кыргызстандан 3-4 апталык мөөнөткө коомчулуктун ар кыл өкүлдөрү чакырылып келатат. Кыргызстандан 4 саясатчы катыша турган быйылкы программанын темасы «АКШдагы саясий партиялардын өнүгүшү» деп аталат. Бул программага катышуучулар АКШдагы федерализм системасы, саясий структура жана анын шайлоо системасы менен таанышышат. Программаны АКШнын Мамлекеттик департаменти менен түзүлгөн контракттын негизинде бейөкмөт уюмдар ишке ашырышат.