Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Түркия жана Азербайжан талаштуу Тоолуу Карабах маселеси боюнча Армения менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүү ниетин билдиришти


Ал тууралуу Түркиянын жума күнү Бакуга барган тышкы иштер министри Абдулла Гүл маалымдады. "Тилекке каршы, Азербайжандын аймагынын 20%ын Армения басып алган бойдон. Тоолуу Карабахтын тегерегиндеги маселе чечилген жок. Биз бул маселелер Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнүн алкагында чечилишин каалайбыз", - деди Анкаралык башкы дипломат. Азербайжандын тышкы иштер министри Түркиянын Армения менен сүйлөшүүлөргө катышуу ниетине колдоо билдирди. Абдулла Гүл Ереван соңку кездери андай үч тараптуу жолугушууга каршы болбогонун айтып, бирок аны уюштуруу иштери аксап жатканына көңүл бурду.

XS
SM
MD
LG