Милли Межлистеги добуш берүү маалында бул мыйзамды депутаттардын көпчүлүгү колдоп беришти. Оппозициячыл депутат Жамил Хасанлинин "массалык маалымат каражаттары бийликтен өз алдынча болушу керек, болбосо эртеден кечке жалаң өкмөттүн саясатын таңуулап калат" деген сөздөрү депутаттарды ынандырган жок. Өткөн октябрь айында атасынын кызмат ордун баскан президент Илхам Алиев ошентип эми мамлекеттик телерадиону да башкармак болду.
Азербайжандын парламенти президентке мамлекеттик телерадиону башкаруу кызматын ыроологон мыйзам кабыл алды