Ушундай комментарийин ал 1989-жылы асманда учуп баратып жардырылган француз учагында курман болгон 170 адамдын жакындарына Ливия 170 млн. долларлык компенсация төлөп берүү жөнүндөгү макулдашууга кол койгондон көп өтпөй билдирди. Макулдашууга Ливиянын жетекчиси Муаммар Каддафинин уулуна караштуу менчик фонддун өкүлдөрү Парижде кол коюшту.
Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен Европа Биримдиги менен Ливиянын ортосундагы мамилелер мындан ары өнүгүү жолуна түшүшүн колдойт