Мурдагы 2-баскычтагы жогорку даярдыктагы кырдаал эми "өсүп бараткан коркунуч" жөнүндөгү эскертүүгө айланды. Бул тууралуу АКШнын ички коопсуздук боюнча министри Том Ридж билдирди. "Чалгындоо кызматтарынын маалыматын терең изилдеп чыккан соң, биз бүгүн Америкага каршы коркунучтун деңгээлин төмөндөттүк. Андай коркунучтар бизди дагы эле тынчсыздандырууда, бирок алар бир аз азая түштү", - деди министр. Жалпы коопсуздуктун камында "жогорулатылган деңгээл" жаңы жылдын алдындагы майрамдар маалында киргизилген. Том Ридж жакында өткөн Кристмасс майрамы жана жаңы жылды тосуу күндөрү Америкада тынч өткөнүн жакшы жышаан катары белгиледи.
Вашингтон Кошмо Штаттарга каршы болжолдуу террордук коркунучтун деңгээлин бир баскычка төмөндөттү