Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Пакистанда эки франциялык журналист эркинен ажыратылды


Пакистандын соту бүгүн эки франциялык журналистти алты айга эркинен ажыратууга кести. Марк Эпштейн жана Жан-Пол Гюйото аттуу журналисттер франциялык "Экспресс" деген журнал үчүн иштеген жана алардын пакистандык визалары болгону менен, Квета шаарына алар уруксатсыз барган. Пакистандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын жазышынча, журналисттер Квета шаарында талибдердин машыгуу лагерлери бар деп жазууга даярданган, өкмөттүн айтымында болсо, андай лагерлер өлкөдө жок.

XS
SM
MD
LG