Декабрдын бешинде Тбилиси шаарында барымтага алынган банкир Тамаз Маглакелидзени бүгүн Ички иштер министрлигинин күчтөрү Мцхела шаарында бошотту. Аны туткунда кармаган үч адам дагы камакка алынды. Кармалгандардын бири - генерал Георгий Вашахидзе болуп чыкты, ал - 1990-жылдарда бийлик үчүн күрөшкөн "Мхедриони" аттуу жарым-аскерий уюмдун мүчөсү болчу.