Грузиянын Башкы прокуратурасы кечээ күнү Швейцария, Лихтенштейн жана Люксембургдун бийликтерине кайрылып, алардын банктарындагы кээ бир эсептерди жабууну суранды. Прокуратуранын маалыматы боюнча, ал эсептерде кээ бир Грузия жарандарынын мыйзамсыз тапкан каражаттары сакталат, журналисттердин айтымында, алар - кубат министри Давид Мирцхулава жана Картли дубанынын мурдагы губернатору Леван Мамаладзе. Грузиянын жаңы президенти болуп шайланган Михаил Саакашвили коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн негизги максаттарынын бири деп жарыялаган.