Палестина автономиясынын жетекчилиги бүгүн атайын билдирүү таратып, Израил басып алган араб жерлеринде кандай болгон шартта дагы баары бир эгемендүү Палестина мамлекети жарыяланат деп билдирди. Жарыя - төрага Ясир Арафат өткөргөн жогорку деңгээлдеги жыйындан кийин жасалды. 1990-жылдардын башында Норвегияда түзүлгөн келишимдер боюнча, эгемендүү Палестина мамлекети 2000-жылы жарыяланмак, бирок Израил жана эл аралык коомчулуктун басымы астында ал кийинкиге калтырылган. Автономиянын премьер-министри Ахмед Кореинин мурда айтканына караганда болсо, эгер Израил басылып алынган жерледи кайтарбаса, бирдиктүү араб-жөөт мамлекети түзүлүүгө тийиш.