Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Түндүк Кореяга америкалык өкүлчүлүк келип кетти


Акыркы беш күндө Түндүк Кореяда болгон америкалык өкүлчүлүк бүгүн Бээжинге кайтып келди. Өкүлчүлүктүн мүчөсү, атактуу Лос Аламос лабораториясынын мурдагы деректири Сиг Хеккердин айтымында, кореялыктар аларды Йоңбйон шаарындагы жашыруун өзөктүк ишканага да киргизишти: "Биз бир нече ишканага, алардын ичинде Йоңбйонго да бардык. Бизди кореялыктар абдан сылык кабыл алып, кызматташууга алар дилгир экенин көрсөтүштү. Стэнфорд университетинин профессору Жон Люис айткандай, мен дагы тапкан-билгеним менен бөлүшүүгө даярмын, бирок азырынча андай маалымат таратууга укугум жок." АКШнын айтымында, Йоңбйондо өзөктүк курал чыгаруу программасы ишке ашырылат.

XS
SM
MD
LG