Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:41

АКШнын демократиялык институту «Атуулдук көпүрө» долбоорунун алкагында форумдарды өткөрмөк болду


БИШКЕК. АКШнын Демократиялык институту ишке ашырып жаткан «Атуулдук көпүрө» долбоорунун алкагында февраль айында Ферганада атуулдук форум өтөөрү күтүлүүдө. Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын атуулдук коомдорунун өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова билдирди. АКШнын Демократиялык институтунун «Атуулдук көпүрө» аттуу долбоорунун алкагында Фергана форумунан тышкары, 2004-жылы Ош, Баку шаарларында жана Ысыккөлдө да аймактык форумдар өтмөкчү. Эл аралык топ январдын башында Ташкен-Фергана-Ош-Ноокат-Өзгөн-Жалалабад-Ташкен багытында иликтөө жүргүзгөн. Долбоордун алкагында Фергана өрөөнүндөгү мамлекеттердин ортосунда чыгып кетиши мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алуучу иштерди жасаган бейөкмөт уюмдарга жардам берилет.

XS
SM
MD
LG