БИШКЕК. АКШ “кыргыз өкмөтүнүн экономикалык программалары америкалык компаниялар үчүн ыңгайсыз шарт түзөт” деп кооптонуп жатат. Анткени Кыргызстандагы экономикалык реформалар олуттуу тоскоолдуктарга кирептер болууда. Мындай маалыматты кечээ “Сentran.ru” Интернет-баракчасы АКШынын Экономикалык департаментинин маалымат кызматына таянып таратты. Экономикалык департаменттин божомолуна караганда, жергиликтүү атуулдардын экономикалык реформаны колдогон мамилесине карабастан, реформанын ишке ашышына бюрократия жана экономикалык проблемаларды чечүүгө эскиче мамиле жолтоо болууда. Америкалык уюм “кыргыз бийлиги акыркы мезгилде бул маселеге олуттуу көңүл бурганы менен, проблеманын чечилишине кепилдик жок экенин белгилейт” деп айтылат “Сentran.ru” агенттиги тараткан маалыматта.