Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Премьер-министр Н.Танаев Москвага иш сапары менен бармак болду


БИШКЕК. Бүгүн вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун билдиргенине караганда, премьер-министр Николай Танаев 21-22-январда иш сапары менен Орусия Федерациясына бармакчы. Иш сапарынын учурунда өкмөт башчы Орусиянын премьер-министри Михаил Касьянов баштаган ырасмий жетекчилер менен жолугушат. Базарбай Мамбетовдун айтымында, эки мамлекеттин өкмөт башчылары талкуулай турган маселелердин тизмеси боюнча азырынча акыркы чечим кабыл алына элек. Болжолдуу маалыматтарга караганда, тараптар “Кыргызстан-Орусия” экономикалык форумунда кабыл алынган чечимдерди турмушка ашыруу боюнча маселелерди талкуулашат. Алардын негизгилеринин бири - энергетика тармагындагы кызматташтык. Өкмөт башчынын иш сапарына даярдык көрүү максатында 13-январда тышкы соода жана өнөр жай министри Садридин Жээнбеков баштаган жумушчу топ Москвага жол тартат.

XS
SM
MD
LG