БИШКЕК. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары, Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) Кыргызстандын улуттук координатору Асанбек Осмоналиев Бээжинден «Азаттыкка» ШКУнун улуттук координаторлорунун жыйыны эртең башталаарын кабарлады. Анын айтымында, улуттук координаторлордун жыйынынын негизги максаты – уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 15-январда Бээжинде өткөнү жаткан отурумунда карала турган маселелерди тактоо. Маалыматтар боюнча, Тышкы иштер министрлеринин кеңешинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын 2003-жылдын май айындагы Москвадагы жолугушуусунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралмакчы. Мындан тышкары, улуттук координаторлор ШКУнун Бээжинде жайгашкан катчылыгынын ырасмий ачылыш аземине катышат.
Уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жолугушуусу быйыл май-июнь айларында Ташкенде өтөөрү күтүлүүдө. Шанхай Кызматташтык Уюмуна Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирет.