Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Ф.Куловдун сот иши боюнча коомдук талкуу 28-январда өтмөк болду


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун сот иши боюнча коомдук талкуу 28-январда Бишкек шаарындагы «Форум» өнөр жай тобунун имаратында болот. Бул тууралуу бүгүн Ф. Куловдун сот иши боюнча коомдук талкууну уюштуруу тобунун мүчөлөрү «Азаттыкка» маалымдашты. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова Ф. Куловдун сот иши боюнча коомдук талкуу өткөрүүнүн максаты жөнүндө мындай деди:
- Коомдук талкуулардын негизги максаты - Ф. Куловдун сот ишине жана Кыргызстандагы саясатчылардын, жөнөкөй атуулдардын укуктук абалына эл аралык укук коргоо уюмдарынын, коомчулуктун көңүлүн буруу. “Феликс Кулов негизсиз соттолду” деген ой-пикирлер көп айтылып жүрөт.
Коомдук талкууга Ф. Куловдун жактоочулары, саясий партиялардын жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, прокуратура жана сот органдарынын кызматкерлери чакырылды. Коомчулукта «Ф. Кулов сот жообуна мыйзам чегинде тартылды» деген да көз караштар бар.

XS
SM
MD
LG