Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:01

Вице-премьер-министр донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолукту


БИШКЕК. Президенттин тыштан инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн жаңыдан дайындалган жетекчиси Даниел Берг жана Европа комиссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алан Вадамс менен жолукту. Жолугушуу учурунда келечекте эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жоомарт Оторбаевдин маалыматына караганда, өткөн жылы Европа Биримдиги Кыргызстандын республикалык бюджетин колдоо максатында 9,5 млн. евро, ал эми Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы чакан кредиттерди өнүктүрүүгө 15 млн. евро бөлгөн. Жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев келечекте мындай жардамдын көлөмүн дагы көбөйтүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG