Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Мохаммад Хатами өзүнүн жактоочуларын сабырдуулукка чакырды


Тегеран. Ирандын президенти Мохаммад Хатами Ислам ыңкылабынын Сакчылары кеңешинин реформатор-талапкерлердин дээрлик жарымын парламенттик шайлоого катыштырбоо жөнүндөгү чечимин алдырып салууга аракет кылат.
Хатами өзүнүн жактоочуларын сабырдуулукка чакырып, кырдаалды Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменейи менен талкуулоого убада кылды.
Өлкөнүн ички иштер министрлиги кеңештин чечимин мыйзамсыз деп атады.
60 депутат реформатор нааразычылык иретинде парламенттин ичинен чыкпай олтурушат. Ал эми губернаторлордун бир тобу болсо президент Хатамиге кызматтан кетебиз деген коркутуп-үркүткөн кат жөнөтүштү. Көптөгөн саясатчылар 20-февралдагы парламенттик шайлоого бойкот жарыялоо тууралуу билдиришти.

XS
SM
MD
LG