Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:48

АКШнын Жогорку соту 11-сентябрга байланыштуу кармалгандардын ысымдарын жашыруун сактоону туура деп тапты


2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу жана Вашингтондогу террордук чабуулдардан кийин АКШда жүздөгөн киши камакка алынган. Сот "алардын ысымдарын жана башка тийиштүү маалыматтарды ачыкка чыгаруу өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет" деген апелляциялык соттун чечимин туура деп тапты. Укук коргоочулар "тымызын камакка алуулар жана камактагылар тууралуу маалыматты көмүскө кармоо сөз эркиндигин бузуп жатат" деп Жогорку Сотко кайрылышкан. Сот кечээ алардын арызын кароодон баш тартты.

XS
SM
MD
LG