Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Жорж Сорос Жорж Бушка каршы аракетин күч алдырат


Америкалык ишкер жана филантроп ноябрга белгиленген президенттик шайлоодо АКШнын учурдагы президентинин өтпөй калышы үчүн дагы кошумча каражат бөлүүгө нийеттүү.
Теги венгриялык Сорос Бушка каршы өнөктүк жүргүзүп жаткан атуулдук уюмдарга бир нече миллион доллар сарптаганын билдирди. Ал шайлоого көбүрөөк элдин келиши үчүн иш жүргүзгөн "Америкалык Ынтымак" уюмуна 10 миллион, Ирак согушуна жана Буштун башка көп иштерине каршы Интернет аркылуу иш алып барган "Алга.орг"(moveon.org) тобуна эки жарым миллион доллар бөлгөн.
Жорж Сорос ошондой эле Буштун Америкага коркунуч келтирет деп саналган өлкөлөргө алдын-ала сокку уруу доктринасына каршы иштөө - үстүбүздөгү шайлоо жылындагы өзүнүн башкы максаты экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG